Орхан Инандынын маселеси боюнча Түркия элчиси менен Руслан Казакбаев жолугушканы маалымдалууда
Түркия Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип, өз өлкөсүнүн атайын кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инанданын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу "24.кг" сайты жазды.
Жазылган маалыматка караганда, дипломатиялык миссиянын башчысы менен Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жолуккан. Буга чейин Ахмет Садык Доганга нота тапшырылары белгилүү болгон.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.