SerepTV Logo

Өмүрбек Текебаев: "Кармалгандарды үй камагына алып деле тергесе болмок"

Өмүрбек Текебаев: "Кармалгандарды үй камагына алып деле тергесе болмок"
Бийлик кечээ күнү кармалган мурунку, азыркы чиновниктерди үй камагына алып деле тергесе болмок. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев «Маралга» берген маегинде билдирди. Экс-депутат бул чиновниктер кандай негизде кармалганын билбей турганын айтты. «2003-2009-жылкы келишимдер боюнча аларды жоопко тартууга болбойт. Тилекке каршы, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти. Бүгүнкү камоолор алардын 2011-жылдан берки жасаган иш-аракеттери үчүн болсо керек. Жактоочулары деле билбейт экен, алар деле божомолдоп айтып отурушат. Аларды үй камагында кармап деле тергесе болмок. Бирок тергөө адилеттүү болот, күнөөсү жок болсо, түрмөдөн чыгат деп ишенгим келет», — дейт Текебаев.
Unknown Author