SerepTV Logo

Өлкөгө ташылып келинген кант, өсүмдүк майы жана эт кошумча нарк салыгынан бошотулат

Өлкөгө ташылып келинген кант, өсүмдүк майы жана эт кошумча нарк салыгынан бошотулат
Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Жыйында төрага Улукбек Марипов өлкөгө ташылып келген кант, өсүмдүк майы жана этти кошумча нарк салыгынан бошотуу чечимин кабыл алынгандыгын билдирди. “Биз бюджетке 200 миллион сомго жакын каражат түшпөй тургандыгын түшүнүп жатабыз. Бирок жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Бул чечим жакшы жакка өзгөрүүлөрдү алып келет деп ойлойм", - деп билдирген Марипов. Мындан тышкары, 8-июлдан баштап, бодо малды жана майда жандыктарды экспорттоого салынган тыюу алынат. Ошондой эле 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынган.
Unknown Author