SerepTV Logo

Өлкө башчысы: "Мамлекеттик тилге иш жүзүндө көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!"

Өлкө башчысы: "Мамлекеттик тилге иш жүзүндө көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!"
"Мамлекеттик тилге иш жүзүндө көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди. Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: "Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп. 2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Мисалы: −             Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз. −             Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз. −             Юстиция министрлигинде — 13 пайыз. −             Энергетика министрлигинде — 17 пайыз. Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек!".
info