SerepTV Logo

Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкектен үй берилет

Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкектен үй берилет

Октябрь окуяларында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада Бишкектен батир берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай тапшырма Садыр Жапаров тарабынан 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында берилген. Бирок борбор калаанын мэриясынын айрым жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул маселе өз убагында чечилген эмес. "Бул маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсү жакын арада борбордон турак жай менен камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.

Алтынбек уулу Үмүтбек 5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон башаламандыкта каза болгон. Ал болгону 19 жашта болчу.