Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүүнү чечти
18-сентбрда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал кечээ, 28-сентябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу кызматтан кетүүнү чечкенин жазып чыкты.
"Нарын шаарынын депутаттары, тургундары! Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. 3 ай ичинде болгон күч-аракетимди Нарын шаарынын жашоосунун ыңгайлуу болушуна колумдан келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм. Мындан ары дагы Нарын шаарынын өркүндөшүнө колуман келген аракетимди жумшайм деп ишендире кетем", - деп жазды ал.
Ал 21-сентябрда эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулган.