Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев парламенттин кезексиз жыйынына келди
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев бүгүн, 5-июлда парламенттин кезексиз жыйынынын ачылышына келди. 3-мартта анын Кыргызстандан андан бир ай мурда эле чыгып кеткени маалым болгон.
1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкенин билдирген. Ал эми 26-июнда анын УКМК эсебине 20 миллион сом төккөнүн маалымдаган.