SerepTV Logo

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоого катышпары маалым болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоого катышпары маалым болду
Экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, мурунку мамлекет башчысы партиянын ишенимдүү адамдарынын тизмесин жетектейт, ал эми Бишкек шаардык кеңешиндеги "Социал-демократтар" фракциясынын лидери - Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияда талапкерлердин тизмесинде биринчи болот.