"Мультфильм кылып чыгарышат". Депутат Адахан Мадумаров жыйындар залында бир камера иштеп жатканын айтты
Бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин карай турган Жогорку Кеңештин комитет жыйыны өтүп жатат. Жыйынга телефон, камера киргизилген жок. Ал эми жыйынды Жогорку Кеңеш түз эфирде берип жатат.
Депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, жыйында бир камера иштеп жатканын айтып, кимдики экенин сурады. Ал ошондой эле ушул камера аркылуу мамлекеттик каналдарга видео тарай турганын, алар керектүү гана жерлерин коомчулукка чыгарарын айтты. "Бүгүнкү бийлик өзү маалыматтык жагдайды курчутуп жатат. Ашмалтай, мультфильм кылып чыгарышат. Бул камера бул жакка кантип кирди?" - деди Мадумаров.