SerepTV Logo

Беларуста КМШ өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Тизме

Беларуста КМШ өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Тизме
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандан бул иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышты. КМШ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан төмөндөгү документтерге кол коюлду:
  • Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы жөнүндө;
  • Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарын санитардык жактан коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкын жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Туура эмес товардык белгилердин жана географиялык көрсөткүчтөрдүн колдонулушун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу;
  • КМШга мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын 2030-жылга чейинки мезгилдеги кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки шарп оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын топтому жөнүндө;
  • Шериктештикке мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө;
  • Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму жөнүндө.
  • Кадрдык дайындоолор жөнүндө.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Беларустун Минск шаарында өттү. КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 12-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.
edita