SerepTV Logo

Министрлик: "Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечет. Чечим жактырылды"

Министрлик: "Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечет. Чечим жактырылды"

Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеӊеши 6-октябрда Кыргыз Республикасын кошкондо аз камсыз болгон 24 мамлекет үчүн табигый кырсыктардан сактоо жана жардам фондунун алдындагы карыздарды кечүү чечимин жактырды.

Экономика жана финансы министрлигинен билдиришкендей, бул чечим Экономика жана финансы министрлигинин жана фонддун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2021-жылдын сентябрь айынан баштап жүргүзгөн иштеринин алкагында кабыл алынды. Кыргыз Республикасы 2021-жылдын 8-октябрынан 2022-жылдын 10-январына чейинки мезгилге эсептелген фондго болгон карызын 12,6 миллион долларга кыскартат. Карызды жоюу Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо секторуна жана экономикалык колдоого каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жардам берет.