SerepTV Logo

Марипов айрым азык-түлүк жана дан эгиндерин экспорттоого тыюу салды

Марипов айрым азык-түлүк жана дан эгиндерин экспорттоого тыюу салды
Улукбек Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Кабинеттин башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдерди жарыялады. “Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салынууда. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу тоюттун: чөптү, курама тоютту, жүгөрүнү, арпаны экспорттоого толук тыюу салынат», - деди Улукбек Марипов.
Unknown Author