SerepTV Logo

Эки министрликтин аталышы өзгөрдү

Эки министрликтин аталышы өзгөрдү
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин 5-майдагы "Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. "Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат. Төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин: — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги; — Инвестициялар министрлиги. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет", - деп айтылат маалыматта.
edita