Министрлер кабинети: "Кылмыш иши ачылган Динара Молдошева кызматынан алынган жок"
Социалдык тармактын колдонуучулары "УКМК тарабынан коррупцияга шектелип, бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган экс-депутат Динара Молдошеванын кызматы эмне болду?" - деп суроо салышууда.
Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы менен байланышты. Алардын берген маалыматына караганда, Динара Молдошева кызматынан алынган эмес. Ал 27-майда эле Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган болчу.
20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбооруна байланыштуу ири суммадагы пара талап кылуу кинеси менен кармалган болчу. Ал ошол эле күнү кызматынан алынган эле.