Министр: "Уу-коргошунду мамлекеттик ооруканаларда колдонууну токтотконбуз"
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди. Ал депутаттардын коронавируска, вакцинага, уу-коргошунга байланышкан суроолоруна жооп берип жатат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев "Уу-коргошун мамлекеттик ооруканаларда азыркыга чейин колдонулуп жатабы?" деген суроо узатты. Министрдин айтымында, учурда уу-коргошун колдонулбай жатат. "Биз мамлекеттик ооруканаларда 400 кишиге берип, клиникалык сыноо болуп, анализдерин Орусия, Казакстандагы академиктерге жибергенбиз. Ошол жактын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди ал.
Депутат: Анан эч ким күлгөн жок ээ? Олуттуу кабыл алдыбы алар?
Министр: Биз жеңил жана орто оор абалдагылардыкын бердик. Көрсө, ал какырык чыгарып, имунитетти көтөрөт экен.