SerepTV Logo

Министрлик: "Бейшеналиев коронавирустан айыгып, жумуш ордунда иштеп жатат"

Министрлик: "Бейшеналиев коронавирустан айыгып, жумуш ордунда иштеп жатат"
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан айыгып жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. "Министрдин абалы канааттандырарлык. Тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы терс көрсөткүчтө болду. Бүгүн Бейшеналиев жумушка чыгып, ооруканалардын ачылышы жана коронавируска байланыштуу ооруканалардагы орундар боюнча маселелердин үстүндө иштеп жатат", - деп билдиришти министрликтен. 25-июнда министр Бейшеналиев коронавируска чалдыгып калгандыгын жана аралыктан иштеп баштагандыгын билдирген эле.
Unknown Author