Милиция: "Сузактагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө берилген үйгө Ташиевдердин тиешеси жок"
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Муратовдордун үй-бүлөсүнө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан каржыланып үй курулгандыгы жана талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эместиги, бул мыйзам бузуу болуп саналарын жазган.
Аталган факты 25-октябрь күнү Сузак РИИБге катталып, алдын-ала текшерүү иштери жүргүзүлүп төмөнкүлөр аныкталган. Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан айылына 1982-жылы туулган Кубанычбек Муратов ата-энеси жана туруктуу жашаганга турак-жайы жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына киргендиктен, жеке ишкер 1968-жылы туулган Абдимиталип Мамитовдун жана айыл тургундарынын демилгеси менен ага төрт бөлмөлүү үй куруп беришкендиги такталган. Бул боюнча жеке ишкер Абдимиталип Мамитов өз көрсөтмөсүндө “2021-жылдын жаз мезгилинде Боз-Чычкан айылында жашаган Кубанычбек Муратов ата-энесинен эрте айрылып жана бүгүнкү күндө туруктуу жашаганга турак-жайы жок кыйналып жашап жаткандыгын билдирип, аталган айылдын аксакалдары мага кайрылышкандыктан, мен бул демилгени колдогом. Июль айынан баштап ага төрт бөлмөлүү үйдүн курулуш иштерин баштаган болчумун жана айылдын тургундары дагы салым кошуп аталган үйдүн курулуш иштерин толугу менен октябрь айында бүтүргөн болчубуз. Андан соң, 22-октябрь күнү жашоого толугу менен даяр болгон үйдү Кубанычбек Муратовго тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиев айылга келип калгандыктан, аны айылдын кадырлуу инсаны катары үйдүн ачкычын тапшыруу жөнүндө мен суранычым менен кайрылгам. Ошентип, Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын тапшырган. Бул иш-чара боюнча Камчыбек Ташиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жок. Мен буга чейин дагы мындай кайрымдуулук иштерди жасап жүргөм жана мындан ары дагы элдин жардамы менен жасай берем, бул жасап жаткан иштериме айыл тургундары күбө” деген.
Жогорудагылардын негизинде жана аталган фактыны текшерүү учурунда мыйзамды бузган аракеттер тастыкталган эмес.