Марлен Маматалиев: "Талаш жерлер Кыргызстандын пайдасына чечилиптир, бирок талаш эмес жерлер кетип жатат"
Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маселе каралды. Ал президенттин айтымы менен ачык өтмөк, бирок жыйынга келгенде техниканын бардык түрүн жыйынга алып кирүүгө уруксат берилген жок. "Президент айткандай талаш жерлердин 99 пайызы биздин пайдабызга чечилиптирби? Кандай жагдайда сиз бул макулдашууга каршы чыгасыз?" деген суроо менен жыйынга катышкандарга кайрылдык.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, талаш жерлер Кыргызстандын пайдасына чечилгени менен такталган жерлерден Өзбекстанга кетип жатат.
"Чек арада азыр талаш-тартыш жерлер бар да. Эгер ошол талаш жерлерди айтып жатсак, анда туура, талаш жерлер толугу менен Кыргызстандын пайдасына чечилиптир. Бирок талаш эмес жерлер бар. Алардын айрым жерлери кетип жатат. Көп эсе бизге келип жатат. Менимче, убакыт келгенде жарыяланат", - деди Маматалиев.
https://youtu.be/5ZS94F2dc2A