SerepTV Logo

Марлен Маматалиев Кемпир-Абад боюнча: "Биз жерди алдырбай эле, тескерисинче алып жатыптырбыз"

Марлен Маматалиев Кемпир-Абад боюнча: "Биз жерди алдырбай эле, тескерисинче алып жатыптырбыз"
4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга «Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?» деген суроо менен кайрылдык. Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, жыйынга бардык каалоочулар кирген. "Жыйын 2 этап менен өттү. Ал жерде жарышуучу сөздөр бар экен. Бизге айтылган маалымат боюнча, биз жерди алдырбай эле, тескерисинче алып атыптырбыз. Жакында парламентке келип, баарын ачыктайбыз деп ойлойм", - деди ал. https://youtu.be/zcPu7bft6gs