SerepTV Logo

Марлен Маматалиев: "Иш таштаган айдоочулардын жетекчилери - эл душманы. Алар кармалышы керек"

Марлен Маматалиев: "Иш таштаган айдоочулардын жетекчилери - эл душманы. Алар кармалышы керек"
Ишке чыкпай койгон айдоочулардын жетекчилери - эл душманы. Ал эми ушул абалга жеткирген мэриянын кызматкерлери бүгүндөн калбай кызматтан алынышы керек. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, иш таштаган компаниялардын лицензиясын тартып алуу керек. "Бул боюнча кардиналдуу чечим кабыл алышпаса болбой калды. Ультиматум менен жашай турчу заман эмес да. Ошол 5-6 эле компаниянын ээлеринин лицензиясын кайтаруу керек. Керек болсо, алардын бардыгын кармайлы. Ал элге душмандык кылган деп эсептелет. Келгиле, кармалды деп сүрөтү менен чыгарып коёлу. Бул элдин душмандары. Мэриядагы тийиштүү чиновниктер ушул абалга келтиргени үчүн бүгүндөн калбай, жумуштан алынышы керек", - деди ал. Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени кымбаттатып берүү талабы менен эки күндөн бери каттамга чыкпай жатышат.
edita