SerepTV Logo

Каттоо кызматынын төрагасы кызматтан кетти

Каттоо кызматынын төрагасы кызматтан кетти
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Залкарбек Карыбеков эми төрагалык милдетин аткарат. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 20-майда кол койду. Буга чейин төраганын ордун Акын Мамбеталиев ээлеп келген. МККдан билдиришкендей, Акын Мамбеталиев өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.
edita