SerepTV Logo

Кыскартуунун алкагында 11 миңдей мамлекеттик кызматкер ишсиз калат

Кыскартуунун алкагында 11 миңдей мамлекеттик кызматкер ишсиз калат
Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев мамлекет башчысынын «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди. Аталган жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын структурасын оптималдаштыруу боюнча алпарылып жаткан иштин экинчи этабы болот. Ал өкмөттүн структурасын өзгөртүп, министрликтерди, административдик ведомстволорду бириктирүү менен кыскартууга жетишилгенин, бирок кызматкерлердин саны көп өзгөрбөгөнүн түшүндүрдү. «Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу милдети турат. Акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 миң 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 миң 743кө, 2020-жылы 34 миң 860ка чейин көбөйгөн», - дейт президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал бюджеттен абдан көп каражатты талап кылат. Аталган жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат. «Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 миллиард сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени Эмгек кодексине ылайык, ушул жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын жөлөк пул катары төлөп беришибиз керек», -  деди Адылбек Касымалиев. Учурда Экономика жана финансы министрлиги жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштады, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча жумуш алпарылууда. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет. Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча бардык иштерди Министрлер кабинети алып барат. Ал эми президенттин администрациясы боюнча Адылбек Касымалиев структурада кыркартуулар болгонун, учурда анализдөө иштери жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын баса белгиледи.
Unknown Author