SerepTV Logo

Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун жана 20 миң тоннадан шекер жана май жөнөтөт

Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун жана 20 миң тоннадан шекер жана май жөнөтөт

Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун, 20 миң тонна шекер жана 20 миң тонна өсүмдүк майын жөнөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатат. «Бир-эки кишини күнөөлөө менен маселе чечилбейт деп эсептейм. Калк арасында тарифтер, азык-түлүк көйгөйлөрү боюнча бардыгыбыз иш алып барышыбыз керек деп ойлойм. Азыр иш жүрүп жатат. Казакстандан 10 миң тонна ун алып келинген. Кытайдан да күтүлүүдө», - деди Улукбек Марипов.

edita