SerepTV Logo

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди
Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Белгилей кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.