SerepTV Logo

Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди
Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасын премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Белгилей кетсек, бүгүн жана эртең Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.