SerepTV Logo

Ханайым жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын колдоого сөз берди

Ханайым жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын колдоого сөз берди

Ханайым Айгүл Жапарова жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарына колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңип чыккан аялдарды куттуктоо салтанатында билдирди. Иш-чараны "БУУнун аялдары" уюштурууда. Аймактардан жаңы шайланган 40тай депутат аялдар келишти.

Айгүл Жапарованын айтымында, бүгүн ал аялдар менен баарлашып жатып, алардын көздөрүнөн үмүт көрдү. «Бул дагы биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик. Кеңештердеги 38 пайызга жакыны аял депутаттар. Сиздерге чоң ишеним билдирди, эл сиздерди карап курат. Келечек жана аялдар үчүн квоталардын көбөйүшү сизден көз каранды», - деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун жубайы келечекте аялдар үчүн 30 пайыздык квота 50 пайызга жеткирилиши керек деп эсептейт. Жапарованын айтымында, Кыргызстанда четте калган күчтүү аялдар көп, ошондуктан колдоого муктаж. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары менен жергиликтүү кеңештердин ортосунда көпүрө курууга үндөдү.

edita