SerepTV Logo

Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлөт. Жарлыкка кол коюлду

Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлөт. Жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Министрлер кабинетине тапшырылат:
  • Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;
  • Бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.