Кыргызстанда социалдык мекемелердеги тамак-аштын суткалык нормалары эки эсеге жогорулады
Президент Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Тийиштүү тапшырманы мамлекет башчысы 3-декабрда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.
Ошентип, социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлү жок калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында, Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
- Министрлер кабинети: