Кыргызстанда 2,5 миңден ашык бала мектепке барбай калган. Президент эмне тапшырма берди?
Президент Садыр Жапаров “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлык Кыргыз жарандарынын билим алууга конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелеринин биринчи класстарына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусу боюнча чараларды көрүү максатында иштелип чыккан.
Жалпы билим берүү мектептерине барбаган балдардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын актуалдуу проблемаларынын бири болуп эсептелет. Айылдарда жана шаарлардын райондорунда жашаган мектепке чейинки жана орто мектеп жашындагы көптөгөн балдар мектепке барбайт же дайыма барып турбайт. Мектепке таптакыр барбаган же окуусун үзгүлтүккө учураткан, сабактарга катышпаган балдар туш болгон проблемалар азыркы мезгилде кыйла татаал болуп эсептелет жана балдар аларды өздөрү чече албайт. Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми кээ бири начар үй-бүлөдө жашайт. Талаада, жайлоодо ата-энесине жардам берүүгө, тамак табуу үчүн иштөөгө, инилерин, карындаштарын, сиңдилерин кароого тийиш болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар бар. Ата-энелер өздөрү жашы жеткен балдарын мектепке жиберүүнү каалабаган же аларга билим берүүнү милдеттүү деп эсептебеген учурлар көбөйүп жатат.
Алсак, Улуттук статистика комитетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес. Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттарынын жоктугу), ата-энесине жардам берүү жана иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энесинде балага деген документтердин жок болушу, бир туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет. Бул проблемага чара көрүү боюнча максаттуу мамлекеттик саясат балдардын ар кандай категорияларына, анын ичинде майып балдарга, аялуу категориядагы үй-бүлөлөрдөгү балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, демек, жалпысынан сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө тийиш.
Кыргыз жарандарынын билим алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелериндеги биринчи класска кабыл алынууга тийиш болгон окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо, окубаган балдарды табуу жана аларды окутуу үчүн чараларды көрүү максатында, Конституциянын 27, 46, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды тапсын жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.
- Ушул Жарлыктын 1, 5-пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
- Министрлер кабинети белгиленген тартипте:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын.
- Башкы прокуратура башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылынышына жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзсүн.