Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард долларга чейин жетиши керектиги дагы айтылды
Кыргызстан кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 9-июнда Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгында билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын президенти катары Түркияга алгачкы иш сапары эки өлкөгө тең жемиштүү болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, эки тараптуу мамилелердин абалы менен келечегине байланыштуу темалар талкууланды. Эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына оң баасын берди. Атап айтканда, кыргыз-түрк кызматташуусунун көптөгөн багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштын механизмдери иштелип чыкты. Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргызстандын экономикасына түркиялык ири инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Түркиянын президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүү, соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ошону менен бирге 8-9-июлда Ысык-Көлдө Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Президент кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин катышуусунда кыргыз-түрк ишкерлер форуму да өткөрүлөрүн кошумчалады. Кыргызстандын мамлекеттик органдары Кыргызстанда иштеп жаткан түрк инвесторлорунун укуктарын коргоого чоң маани берет. Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара байланыштар тууралуу айткан Садыр Жапаров бул байланыштарды кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин белгиледи. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын расмий түрдө ачуу маселеси талкууланды.
Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында 10 миңден ашуун кыргызстандык студент Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алганын билдирип, тыгыз кызматташуунун натыйжасында бул сан мындан ары бир кыйла өсөрүнө үмүт артты. Президент ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда 2022-жылга жылдырылган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.