Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөт
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. “Мен кызматташтыктын артында бардык чөйрөдө мамилелерибизди бир топ алдыга жылдырабыз деп ишенем. Ошондой эле жакын арада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөбүз”, - деди түрк лидери.
Түрк мамлекетинин башчысы кесиптешин Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Эрдоган Түркия – Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө экенин эске салды.