Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча келишим түзүлдү
Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан элчи Эдил Байсалов, Антигуа жана Барбуда тарабынан Жогорку комиссар Карен Мэй Хилл документке кол коюшту. Биргелешкен коммюнике кол коюлган заматтан тартып күчүнө кирет. Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, эки өлкөнүн миссияларынын башчылары эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Тараптар Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого каалоолорун билдиришти.