Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкери "Эрдик" медалы менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгондон кийин төмөнкү аскер кызматчылары сыйланды:
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.
Маалымат үчүн: "Эрдик" медалы менен жарандар адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат.