SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжал. Депутат: "Бир кийик атылса көпкө талкуулайбыз. 36 жарандын өлүмүнө ким жооп берет?"

Чек арадагы жаңжал. Депутат: "Бир кийик атылса көпкө талкуулайбыз. 36 жарандын өлүмүнө ким жооп берет?"
Депутат Таабалды Тиллаев бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн жаңжалда каза болгондор боюнча Башкы прокурорго кайрылуу жолдоду. "Башкы прокуратурага дагы бир жолу кайрылам. Биз кийик атса, баарыбыз бир нече күн талкуулайбыз. Кыргыз-тажик чек арасында 36 жараныбыз каза болду. Бүгүнкү күнгө чейин алардын өлүмүнө жоопкерлерге кылмыш иши козголдубу же козголгон жокпу бул тууралуу маалымат жете элек. Урматтуу президенттин өкүлү, биз силерден суранып кетебиз, ушул боюнча кандай иштер болду, ким жооп берет ушул боюнча маалымат берип коюшса", - деди ал. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 жаран көз жумуп, 200гө жакын адам жаракат алган.
edita