SerepTV Logo

"Кыргыз көмүр" ишканасына дагы жаңы директор дайындалды

"Кыргыз көмүр" ишканасына дагы жаңы директор дайындалды
Мирлан Жакыпов “Кыргыз көмүр” ишканасына директор болуп дайындалды, аны эмгек жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директорунун орун басары жана директору болуп иштеген. "Жаңы дайындалган жетекчи көмүр тармагын көп жылдардан бери билет. Ал 51 жашта", - деп айтылат маалыматта. Мирлан Жакыпов бир ай мурун директор болуп дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.