SerepTV Logo

Башкы прокурор Курманкул Зулушевге атайын класстык чин ыйгарылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушевге атайын класстык чин ыйгарылды
Башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалиевичке “Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” атайын класстык чини ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң башкы прокурор болуп дайындалган.
edita