SerepTV Logo

«Кумтөрдүн» алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга дагы бир депутат кошулду. Тизме

«Кумтөрдүн» алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга дагы бир депутат кошулду. Тизме

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу "Кумтөр" алтынынын Кыргызстандан чыгарылышы боюнча маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамына кирди.

28-сентябрда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев «Кумтөр» алтынынын Кыргызстандан чыгарылып кетишинин мүмкүндүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаганЖыйында депутаттар Кыргызстандан алтындын чет өлкөгө чыгарылышынын мыйзамдуулугун текшере турган комиссия түзүшкөн. Комиссиянын курамына киргендер:

  • Жанар Акаев;
  • Нилуфар Алимжанова;
  • Марлен Маматалиев;
  • Балбак Түлөбаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Исхак Масалиев;
  • Нурлан Шакиев;
  • Надира Нарматова;
  • Марат Мураталиев;
  • Улугбек Ормонов;
  • Максат Сарыбагышев;
  • Арсланбек Малиев;
  • Жусупбек Коргонбай уулу.