SerepTV Logo

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктогу сотко кайрылды

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктогу сотко кайрылды
“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын “Центерра Голд” компаниясы 31-майда жарыялады. Компания Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөп, ошого жооп жана кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чара катары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын билдирди. Кыргыз өкмөтү ортодогу инвестициялык келишимди бузганын белгиледи. Билдирүүдө “Сот көзөмөлдөгөн бул процесс башка нерселер менен бирге эле дүйнөлүк алкакта "Кумтөр Голд" менен "Кумтөр оперейтингге" каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кылат. "Центерра Голд" эл аралык деңгээлде таанылган, ырааттуу реструктуризациялоо процесси кыргыз өкмөтү менен потенциалдуу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөт”, - деп жазылган. “Центерра Голд” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перринин “Биз Кыргызстандын өкмөтүн талкууга бир нече жолу чакырдык, бирок алар биз менен байланышуудан баш тартууда. Биз Кыргызстандын бийлиги менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө дагы деле даярбыз”  деген сөзү келтирилди.
Unknown Author