SerepTV Logo

"Кумтөр" боюнча соттук процесстер сомдун баасына таасир тийгизеби?

"Кумтөр" боюнча соттук процесстер сомдун баасына таасир тийгизеби?
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев Улуттук банктын төрагасына "Кумтөр" боюнча соттук процесстер башталса, сомдун баасына таасир тийгизеби?" деген суроо узатты. "Биздин сом эркин калкууда жүрөт. "Кумтөргө" анын эч кандай байланышы жок", - деди төрага. "Демек, сиздин айтымыңызда мурунку президент калп айтты? Мурунку президент айтпадыбы, сом "Кумтөр" үчүн жакшы кармалып турган деп", - деди депутат. "Мыйзам  чегинде сом 1993-жылы киргизилген, ошол мыйзамда деле жазылуу болчу. Сомдун куну базар баасы менен аныкталат деп. Бул жерде эч кандай байланыш жок. Мен мурунку президенттин маегин көрбөптүрмүн. Негизинен сомдун баасына түздөн-түз таасир этпейт, кыйыр түрдө таасир тийгизиши мүмкүн", - деди төрага.
edita