"Кумтөр" боюнча арбитраждык сот. Кыргызстандын эл аралык резервдерине арест коюлса эмне болот?
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеши жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго "Кумтөр" боюнча арбитраждык сотко кайрылуу болгонун эскертип, "Кыргызстандын эл аралык резервдери кайсы жакта сакталат? Арест коюлуп калса кандай тобокелчиликтер бар? Мамлекетке кандай зыян тийиши мүмкүн?" деген суроо узатты.
"Бул эң негизги суроо. Улуттук банктын өкмөт алдында эч кандай милдеттенмеси жок, ошондой эле өкмөттүн Улуттук банктын алдында да милдеттенмеси жок. Ушул эл аралык резервдерди коргоого жардам берет. Улуттук банк бюджеттен каржыланбайт. Ошондуктан Улуттук банктын өзүнө таандык нерселери мамлекеттен ажыратылган. Биз өз алдынча иштейбиз. Улуттук банк Кыргызстандыкы, өкмөттүкү эмес. Улуттук банктын бюджетин мамлекеттик бюждет менен алмаштырбоо керек", - деди төрага.
Депутат бул боюнча атайын маалымат жыйын өткөрүп же пресс-релиз даярдап, элге түшүндүрмө берип коюу керек экендигин айтты.