SerepTV Logo

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды
Кубанычбек Конгантиев 41 депутаттын макулдугу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди. Көпчүлүк коалиция бул кызматка жалгыз талапкер катары "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиевди көрсөткөн. Конгантиев 1980-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 26 жана 27-чакырылыштын депутаты болгон. Ал дзюдо боюнча Борбор Азия аймагынын директору, Азия дзюдо союзунун спорт комиссиясынын туруктуу мүчөсү жана Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти.