SerepTV Logo

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:
  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору - Айтен Рустамова;
  • Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси - Габриэла Геллил;
  • Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси - Оливье Бангертер;
  • АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору - Фред Хьюстон.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;
  • санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович;
  • энергетика министри – Бекмурзаев Доскул Джумагулович;
  • айыл чарба министри – Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;
  • Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы – Новиков Артем Эдуардович;
  • Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.