Парламенттин комитети айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин жактырды
Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген «Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелери бузулган учурда айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык, төмөнкү учурларда айып пулдарды төмөндөтүү сунушталууда:
- Белгиленген ылдамдыктан 10 чакырым/сааттан ашык, бирок 20 чакырым/сааттан ашпаган транспорт каражаттарынын айдоочуларына;
- жол белгилеринде же жүрүү бөлүгүнүн белгилеринде көрсөтүлгөн, токтоочу сызыктын алдына токтоп турган жол кыймылынын эрежелерин сактабагандык, жол чыракка тыюу салган же жол кыймылынын көзөмөлдөөчүнүн жаӊсоосуна тыюу салган;
- жол белгилеринин талаптарын сактабаганда, жүрүүчү бөлүктү белгилөө боюнча талаптарды аткарбаганда;
- токтотуу же токтотуу эрежелерин бузуу;
- келе жаткан тилкеге чыкпай маневр жасоонун эрежелерин бузуу.
«Эгерде айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сом болсо, анын ордуна 300 сом гана төлөнөт», - деди Нурбек Абдиев.
Депутат Сайдулла Нышанов Бузуулар жөнүндө кодекс кабыл алынгандан бери өлүм менен коштолгон жол кырсыктары азайганын айтты. «Жолдогу коррупциялык жосундарга эл нааразы. Анын айынан бийликке жана президентке сөз тийип жатат. Мисалы, Ош-Бишкек жолу бизнеске айланып, Сосновкадагы тосмо базарга айланып калды. Жашырганда эмне, жыйналган акча жогору жактагыларга чейин келет. Аларды тезинен текшерип, күнөөсү барларды жумуштан бошотушу керек», - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жолдогу мыйзам бузулардын баары көзөмөлдө болорун, коррупцияга аралашкандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди. «Азыр «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында мерчемдүү жерлердин баарына видеокамералар орнотулууда. Мындай чаралар өзүнүн оң таасирин тийгизет деген ойдомун», - деп кошумчалады ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаров жеңилдиктерди сунуштабай, айып пулдун өлчөмүнүн өзүн азайтыш керек экенин баса белгиледи. «Мындай кылган болбойт. Эл айып пулдун азайышын күткөн. Силер ушундай демилге көтөргүлө, биз толугу менен колдоп берели», - деди депутат. Аны тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев дагы колдоду.