"Коопсуз шаар" долбоору бизнеспи? Министрдин жообу
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевге "Коопсуз шаар" долбоору боюнча суроо салды. Депутат дайыма бул суроосу жоопсуз калып жатканына нааразы болду.
Депутат: "Коопсуз шаар" долбоору бизнеспи?
Министр: Жок, бул бизнес эмес. Бул өкмөт тарабынан бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун экинчи этабы.
Депутат: Бизнес болбосо, шарттарды түзүп бериш керек да. Мында ар бириңердин "доляңар" бар. Кайра айтыңызчы ошолорду.
Министр: УКМКга 5 пайыз, ИИМдин алкагындагы жол коопсуздугу боюнча башкармалыгына 15 пайыз, өз алдынча бийлик 25 пайыз, транспорт министрлигине 5 пайыз.
Депутат: Мына 50 пайызга жакыны. Кызыкчылыгыңар бар турбайбы.