SerepTV Logo

"Башкы прокуратура текшериши керек". КММАда ректорду шайлоо болуп өтсө да, буйрукка кол коюлбай жатат

"Башкы прокуратура текшериши керек". КММАда ректорду шайлоо болуп өтсө да, буйрукка кол коюлбай жатат
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда ректорду шайлоо болуп өтсө да, буйрукка Билим берүү министрлиги тарабынан кол коюлбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, ректорду шайлоого эч кимдин аралашууга укугу жок. "Азыр ар бир мамлекеттик ЖОЖ өз алдынча шайлоо өткөрөт. Шайлоонун жыйынтыгын бекитиш үчүн Билим берүү министрлигине жөнөтүлөт. Шайлоонун токтотулушуна статс-катчынын тиешеси болбош керек эле. Башкы прокуратура шайлоонун токтотулушу мыйзамдуубу же жокпу карап чыгышы зарыл. Эмне үчүн азыркыга чейин ректорду шайлоонун жыйынтыгы бекитиле элек?" - деди депутат.
edita