SerepTV Logo

Кемпир-Абад маселеси. Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Кемпир-Абад маселеси. Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды
Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде эки мыйзам долбоору каралды. Ал экөө тең 3-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Бири кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору, экинчиси Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуусун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору. Колдоп добуш бергендер: - Улан Примов; - Лейла Лурова; - Чолпон Султанбекова; - Жылдыз Таалайбек кызы; - Улан Бакасов; - Ырысбек Атажанов; - Шайлообек Атазов. Добуш берүүнүн алдында залдан чыгып кеткендер: - Адахан Мадумаров; - Чыңгыз Айдарбеков; - Нуржигит Кадырбеков; - Нилуфар Алимжанова; - Эрулан Кокулов. Комитетке мүчө, бирок жыйынга катышпагандар: - Айбек Осмонов; - Миргүл Темирбаева.