SerepTV Logo

Кара-Суу районунун жаңы акими Турусбек Ногоев кайсы кримтөбөлдүн өкүл баласы?

Кара-Суу районунун жаңы акими Турусбек Ногоев кайсы кримтөбөлдүн өкүл баласы?
Кара-Суу районуна жаңы дайындалган аким Турусбек Ногоев өзү тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга комментарий берди. Ал эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экенин жана ал тууралуу тарап жаткан маалыматтар жалган экенин айтты. "Мен мамлекеттик кызматтарда болгон аракетимди жумшап, элиме ак кызмат кылып келе жатам. Мен жөнүндө ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ал сөздөрдүн баары жалган. Мен уюшкан кылмыштуу топторго мүчө эмесмин. Өмүрүмдө кылмыш жасаган киши да эмесмин", - деди ал. Турусбек Ногоев Алмаз Бокушев менен болгон мамилеси боюнча да токтолду. "Мен 1994-жылы мектепте мугалим болуп иштегем. Ал кезде Алмаз Бокушев мектепте машыктыруучу эле. Кыргызда өкүл ата шайламай салт бар. Ошол жылдары үйлөнгөнүмдө ата-энемдин каалоосу менен мектептеги машыктыруучуну өкүл ата кылгам. Дагы кайталап коёюн мектепте машыктыруучу болуп эмгектенген Алмаз Бокушев өкүл ата болгон. Андан кийин экөөбүз өз жолубузга түшкөнбүз. Бири-бирибиз менен жумушка байланыштуу катышыбыз жок. Мурда жамандык-жакшылыктарда гана көрүшүп калчубуз", - дейт Турусбек Ногоев. Мындан сырткары, Турусбек Ногоев алдыдагы пландары менен бөлүштү. "Кара-Суу өлкөдөгү эң чоң район. Буйруса чоң пландарым бар. Райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, сырттан инвесторлорду тартууга, чын дилимден ак кызмат өтөп берүүгө бүт аракетимди жумшайм. Ал үчүн менин тажрыйбам да, билимим да жетиштүү. Буга чейин акимдин орун басары, аким болуп иштеп келдим. 2014-жылдан бери Чүй облусунун Жайыл районунун өсүп-өнүгүүсүнө болгон аракетимди көрүп, бир катар долбоорлорду аткардык", - деген Ногоев.
Unknown Author