SerepTV Logo

Каныбек Иманалиев кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты

Каныбек Иманалиев кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты
Бүгүн, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев комитет жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып, кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты. "Мен шайлоодо оппонент болгонум - бул бир гана парламентаризмди коргоо үчүн болгон. Баш отумду сайып... Бирок силердин убалыңарга мурдагы парламент калды, канатыңарды кыркып салды, тилекке каршы... Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, жеке бири-бирибизге болгон сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук", - деди ал. "Мен ушундай эле жооп берет деп сизден күткөм. Демек, азыр иштеп жаткан Жапаровдун командасы сиздин купулуңузга толот экен да?" - деди депутат. Иманалиев "ооба" деп жооп берди.
edita