SerepTV Logo

Канатбек Исаев шайлоого катышуудан баш тартты

Канатбек Исаев шайлоого катышуудан баш тартты
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган алты талапкер шайлоого катышуудан баш тарты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Алар: Канатбек Исаев (Чүй-Кемин шайлоо округу №31), Бакыт Кыдыралиев (Талас шайлоо округу №21), Жаманкул Галдыбаев менен Абдисами Каримбеков (Алай шайлоо округу №11), Айбек Алыбаев (Токтогул шайлоо округу №19), Айнуру Алтыбаева (Ош шайлоо округу №7). Парламенттик шайлоо 28-нобрда өтөт.