Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев келечекте эмне менен алектенерин айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Жалал-Абад шаардык кеңештин мурдагы депутаты Тай-Мурас Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берди.
Ал саясаттан кеткенин, ага Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттыгы эле жеткенин айтып, келечекте жеке ишкерлик менен алектене турганын билдирди. "Мен жеке ишкерлик менен алектенем. 2015-жылдан бери жеке бизнесим бар. Мен өз иштерим менен алектенем. Үй-бүлөм менен тынч жашоону тандап алдык", - деди ал.
Ошондой эле соцтармактарга тараган студенттик кездеги сүрөттөрү боюнча да комментарий берди. "Кимде эле студенттик кезиндеги мындай сүрөттөр жок болсун. Ал Томскто болгон",- деди Тай-Мурас Ташиев.